Акция катышуучуларды бензинди пластик бөтөлкөлөрүнө куюп, эч ким аларга көңүл бөлбөйт деп кыйкырып, бензинди бири бирине жана жерге чачышты. Анан алар жерге төгүлгөн бензинди күйгүзүштү. Өрт өчүрүүчүлөр жердеги жалынды дароо өчүрдү. Акция катышуучулары өзүлөрүн өрттөгүлөрү келип атат деп кыйкырышты. Ошондо милиция кийлигишип, укук коргоо кызматкерлери менен акция катышуучулары мушташа кетти.


Өрт өчүрүүчүлөр жалынды өчүрдү. Акция катышуучулары кайтадан от жагуу аракетинде.

Акция өтүп аткан жерде өрт өчүрүү кызматы менен тез жардам байкоо жүргүзүүдө. Чогулган эл өздөрүн эл аралык алдамчы каржы мафиясынын малайы болгон легитимдүү бийликтен «бошотуучу акция катышуучулары» деп аташты. Комиссариат талаптары арасында – коммерциялык банк, кичи каржы компаниялары менен күрөөканалардын ишин токтотуп, өлкөнүн алдыңкы банктарына кылмыш ишин козгоо. Мындан тышкары алар Улуттук банк жетекчилерин тез аранын ичинде кызматынан кетирүүнү да талап кылууда. Ошондой эле алар 2012-жылдын 28-августунда кен байлыктарга лицензия сатуу боюнча аукционду үзгүлтүккө учураткан жарандарды кылмыш куугунтуктоосун токтотууну каалашат.

24.kg