Айрым жугуштуу оорулар боюнча эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда.
Гепатит А вирусунун (ГАВ) анализдеген учурда октябрь айында Бишкек шаарында 652 ГАВдын окуясы катталган, алардын ичинен элеттиктер 5% түзүп, шаар калкынын арасында 614 окуя белгиленген (29% мектепке чейинки курактагы балдар, 44% окуучулар, 13% студенттер, 14% чоңдор).
ГАВдын 178 учуру мектепке чейинки балдарда катталган. Алардын ичинен 71% уюшулган эмес (үй-бүлѳлѳрдѳ) жана 29% (52 окуясы) уюшулган (мектеп, бала бакча) коллективдерден. Негизинен, балдардын мектепке чейинки мекемелеринде 1-2 окуя катталат. 3 окуя №18 жана №181 (Ак-Ордо, Кара-Жыгач жаңы конуштарында) балдар мекемелеринде катталган.
ГАВдын 273 окуясы мектеп окуучуларында белгиленген. Ошону менен катар ГАВдын окуялары 13 жалпы билим берүүчү мектептерде катталбаган. 30 мектепте бирден окуя, 2ден 5 окуяга чейин 47 мектептерде, 6-7 окуялар 9 мектепте, жана 8-9 окуя 3 мектепте (№ 69, 70, 44) катталган.
Чыккан оорунун жогорку окуялары мектептерде байкалбайт, алар негизинен үй-бүлѳлѳрдѳ белгиленүүдѳ.
Акыркы аптада ГАВдын ѳсүүсү болгон жок, бирок эпидемиологиялык абал оор бойдон десе болот. Жума ичндеги ооруп калгандардын саны 1106 окуяны, алардын ичинен 95% гепатит А вирусу түзѳт. Ѳзгѳчѳ оорунун жогорку деңгээли (165) Чүйдѳ, (114) Ысык-Кѳлдѳ жана Бишкек шаарында (377) белгиленген.
Ѳткѳн аптага салыштырмалуу оор респиратордук вирустук жугуштуулуктун жана тумоонун оорулары 14,4% жогорулаган. 2580 окуя катталып, алардын ичинен 51,5% туулгандан баштап 4 жашка чейинки балдарга туш келет. Оорулардын 19,6% 5-14 жаштагылар, 17,3% 15тен 29 жашка чейинкилер, 11,6% 30 жаштан ашкандар.
ОРЖОнун жогорку кѳрсѳткүчтѳрү Бишкек шаарында (100 миң калкка 184,9), Ош шаарында (83,7) жана Чүй областында (55,5) байкалууда.
12-ноябрдан 18не чейин КР ССМнин алдындагы Республикалык клиникалык жугуштуу ооруканасына (РКЖО) 1178 адам кайрылышкан, алардын ичинен 432 оорулуу жаткырылып, гепатиттин А вирусу менен 182 адам дарылоого алынган. Сутка ичинде РКЖОна ГАВ менен 60-70 адам кайрылышат, алардын ичинен 25-30 оорулуу дарылоого жаткырылат.
Ич келтенин 1 окуясы Жалал-Абад областында катталды.
Баракелде
- Категория: Коом
- Просмотров: 2652