Урматтуу студенттер!
 
Силер үчүн бүгүн эң маанилүү майрам. Билебиз, силер эң оор учурда окуп жатасыңар. Ошентсе да, дал ушундай оор кырдаалда тырышып, келечекте умтулганыңарды эрдикке тете бааласак болот. Азыркы кыйын шарт силерди кайра курчутат. Турмушта туура багытты карманууга жетелейт. Ошондуктан, дал силерден кыргыз элинин үмүтү чоң. Силер гана, жаңы муун – Кыргызстанга өзгөрүу алып келип, кризистик кырдаалдан чыгарып кете аласыңар!
 
Жаштар жана студенттер!
Жолуңар дайыма ачык болсун. Турмушта жакшылык күндөр көп болсун. Ийгилик жана жетишкендик. Биз силер мененбиз!
 
"Ата-Журт" мекенчил партиясы