Баткен облусунун Кадамжай айыл башкармалыгында 3-июль күнү Горный көчөсүндө таш көчкү коркунучу пайда болгондугунуна байланыштуу 45 үй-бүлөө туугандарыныкына жана Металлург стадионуна убактылуу жайгаштырылды.
ӨКМ тарабынан 5 орундуу 7 чатыр муктаж болгондор үчүн тигилип берилди. Азыркы учурда мониторинг жүргүзүү департаментинин адистери изилдөө иштерин жүргүзүүдө.