2012-жылдын 28-июнь күнү Россия Федерациясынын Кемеров областынын Березовский шаарынын 29 жаштагы тургуну Виталий Якубцев Кыргызстандын Токтогул районундагы Токтогул суу сактагычына жакын жерден жоголгон. Бул туурасында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери, милициянын подполковниги Талайбек Сусунбаев билдирди.
 
Маалыматка караганда, В.Якубцев суунун жээгине жолдоштору менен балык уулаганы келип, бир мезгилде машинага эс алам деп кеткен боюнча дайынсыз жоголгон.
 
Бул окуя боюнча, 2012-жылдын 1-июль күнү анын досу А.Рябченко Токтогул РИИБгө арыз менен кайрылган.
Азыркы учурда Токтогул районунун Кетмен-Төбө жана Ак-Тектир айылдарынын тургундары, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон адамды табуу боюнча күн-түнү издөө жана оперативдик-иликтөө иштери жүрүүдө.
 
В.Якубцов менен бирге келген достору окуя болгон жерге чакырылып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
 
Кабар