Кыргызстанда 31-августка чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын 50 бөлүмү - калкты тейлөөчү борборлору ачылат. Бул тууралуу Өкмөттүн отурумунда аталган кызматтын төрагасынын орун басары Бектур Абдраев билдирген. 
 
Анын айтуусу боюнча, азыркы учурда почталарда ачыла турган калкты тейлөө борборлорунун имараттары аныкталган, аларга ремонт иштерин жүргүзүүгө зарыл болгон жабдууларды сатып алууга тендер жарыяланган. Тейлөө борборлорунда аудио жана видео байкоо жабдуулары да орнотулат. “Кызматкерлердин кесиптик деңгээли төмөн болгонуна байланыштуу, жакынкы күндөрдө аларды окутуу процесстери башталат”, - деди Б.Абдраев.
 
“Калкты тейлөө борборлорун ачуу документтерди алуу процессин тездетет. Бирок, азырынча паспортту алуу үчүн төлөм мурдагыдай бойдон кала берет”, - Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары.
Б.Абдраев мындан тышкары республикада персонификациялоо боюнча кызмат ачылаарын кабарлады. Долбоор документти алууда, маалымат жыйноодо, аларды текшерүүдө убакытты аз кетирүү жана ага болгон төлөмдү арзандатуу максатында ишке ашырылып жатат. Мында маалымат берүү электрондук ыкма менен жүргүзүлөт.
 
Кабар