Өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча төрт фракциянын 45-46 депутаты кол коюп, спикерге тапшырдык, деп билдирди «Ар намыс» фракциясынан ЖК депутаты Каныбек Иманалиев «Фабула» гезитинин 3-июлда чыккан санындагы маегинде.
 
Анын айтымында, анын жеке Бабановго адам катары таарынычы жок. Болгону мамлекет башында тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер туруш керек.
 
«Өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин жазында Бабанов парламентке отчет бергени келгенде мен чыгып айткам. Бабанов экөөбүз кайым айтышып дагы кеткенбиз. Тилекке каршы, менин сунушумду эч ким колдобой койгон. Мүмкүн, анда депутаттар жакшылыктан үмүт кылышып, добуш берсе керек. Азыр эч кимде үмүт калган жок. Эми гана өкмөттүн иштей албасына көздөрү жетип отурушат. Парламент өкмөткө ишене албагандан кийин, министрликтер өкмөт башчысына ишене албайт. Министрликтердин ишеними жок болгондон кийин, губернатор, акимдер ишенич арта албайт. Ишеним болбогон жерде иш жүрбөйт», - деди депутат.
 
Ал белгилегендей, өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин ылайыктуу күнү кезексиз жыйында карашат. Көшөгө артындагы сүйлөшүүлөргө караганда, балким, келечектеги премьер-министр ким болору такталса эле, кезексиз жыйын чакырылып, маселе каралышы ажеп эмес. Ал эми кайсы убакта караларын азырынча так айта албайм, деди К.Иманалиев.
 
Депутат кошумчалагандай, өкмөт жакшы иштерди жасай алды деп айта албайт. Азыр өкмөт мүчөлөрү комитет менен фракция жыйынына, пленардык жыйынга келип отчет бериш керектигин түшүнүп калышты. Өкмөттүн акыркы саясий чечимди парламент кабыл аларына моюн сунуп калышканы, олуттуу кадамдардан болду десем болот, дейт депутат.
 
Баракелде