Кыргызстандык Тамашоу лигасынын курама командасы Казакстанда 30-июнь күнү өткөн эл аралык музыкалык КВН фестивалында биринчи орунга ээ болушту. Бул тууралуу Тамашоу лигасынын жетекчиси Эрмек Нурбаев 3-июлда АКИpress агенттигинде маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, фестиваль музыкалык форматта өтүп, ага 10дон ашык өлкөнүн квнчилери катышты. Ал эми Кыргызстандын атынан катышкан Тамашоу лигасынын курама командасы фестивалдын жыйынтыгында биринчи орунга ээ болуп, «Казакстандын жогорку лигасы» кубогу жана атайын белектер менен сыйланды.
«Оюндун шарты боюнча ар бир командага 7 мүнөттөн убакыт берилген. Таймаш музыкалык фарматта өткөндүктөн ыр дагы камтылды. 6 мүнөттөн ашыгы тамаша болсо, бир канча секунд ыр менен коштолду. Биздин көрсөткөн тамашалардын бардыгы актуалдуу темаларга арналган. Булардын бардыгы эске алынып, калыстар тарабынан жогорку баага жана мактоолорго татыдык», - дейт ал.
Э.Нурбаев белгилегендей, таймашта экинчи орунга Азербайжан, үчүнчү орунга Казакстандын командасы ээ болгон. «Азербайжандык жигиттиктер чындыгында абдан күчтүү экен. Сынактын акыркы мүнөттөрүндө интригалар болуп, азербайжандыктар сөзсүз биринчи орунга ээ болобуз деп турушкан. Бирок, биздин команда биринчиликке чыкканда алар абдан нааразы болуп, жиндери келип жаман болушту. Анткени алар демөөрчүлөрүнө сөзсүз биринчи орунду алабыз деп убада берип келишкен экен», - деп кошумчалады Э.Нурбаев.