Улут саясаты мамлекеттик кызыкчылыкта жүрбөй, утурумдук кызыкчылыкта жүргөнүн Түштүктөгү коогалаң ачыктап койду. "Сен мага, мен сага" деп соодалашууга негизделген башкаруу акыры келип кан төгүү менен аяктады. Акаевдин, Бакиевдин доорундагы кыйшык саясат азыр да уланып жатат. Түштүктөгү кан төгүүдөн бийлик сабак албады, жыйынтык чыгарбады.
Абийирге эмес, соодага ык алган бийлик Ош менен Жалал-Абадда көзгө көрүнгөн ири завод-фабрикаларды, имараттарды, жерлерди менчикке өткөрүүдө түпкү кызыкчылыкты ойлободу. Совет доорунда куралган байлыкты бөлүштүрүү чыр-чатактын чыгуусуна түрткү болду. Алгачкы капиталга ээ шаар калкы абийирин акчага алмаштырган бийликтин ачкычын таап, эбегейсиз байлыкка ээлик кылып калды. Күндө алтын жумуртка берчү кафе, ресторан, ири дүкөндөр алардын колуна өттү. Эптеп айлыкка жашаган калк талап - тономойго аралашпай, байлык бөлүштүрүүдө сыртта калып, же жумушу, же үйү жоктугунан жан багуу үчүн Мекенинен кетүүгө аргасыз болду. Ал эми мээсинде Мекен тууралуу түшүнүгү жок, байлыгына чиренген өтүкчүлөр, ашпозчулар менен бизнесмендердин алды депутат, арты эл тагдырын чечкен мыкчыгер болуп чыга келишти. Бул айтылгандар өзбектерге гана эмес, кыргыздарга да тиешелүү. Билимине эмес, байлыгына чиренген топ коомдо үстөм болгондо мамлекеттик кызыкчылык жыдып, жеке кызыкчылык сайран курат. Мындайды туу туткан саясатчы карапайым калктын башын айлантып, улуттук, жердештик сезимди козгойт, ууланган аң-сезимге ойнойт.
Түштүктөгү коогалаңга чейин, андан кийин да карапайым өзбектер байлыгына чиренген сепаратисттерге каршы чыгуудан коркушканын, ачык айтып чыгууга алсыздык кылышканын жашырышпайт. Бардык президенттердин учурунда алардын тилин таап, таянычына ээ болгон улуттун псевдо-лидерлери өздөрүнө каршы чыккандарга куралчан бандаларын жиберип коркутуп, баш көтөртпөй башкарып турушкан. Ар кандай шайлоолордо, референдумдарда айткан партияга же талапкерге добуштарын берүүгө аргасыз кылышкан. Карапайым калктын добуштарын өз кызыкчылыктары үчүн мындай соодалашууну Түштүктөгү коогалаңдын чыгышынын башкы себептеринин бири катары кароого болот. Анткени өздөрүн өзбек лидерлери деп эсептеген сепаратисттердин ачык соодалашуусу, ыксыз талаптары, курулай дооматтары экинчи тараптын кыжырын келтирген. Ал эми сепаратисттердин жогорудагыдай ашынган аракеттерине алсыз, сөзү кыска, көзү сокур бийлик сокку уруп, кандуу коогалаңды токтото алган эмес. Бийликтин башкы күнөөсүн эл ушундан көрөт.
"De-факто" гезити