Жалал-Абад губернатору Азизбек Турсунбаев былтыр Токтогул районундагы Сары-Камыш айылына жумушчу сапары менен барып, бирок Тержайлак жайлоосунан ары өтпөй кошоматчылардын сойгон коюн жеп, бал кымыздан шимирип ат тизгинин кайра тарткан. Ушул күндөрү Азике Сары-Камыштын ой-кырынан бери кыдырып, айылдын мышык ыйлар абалын өз көзү менен көрдү. Көргөнү го жакшы, ошого жараша көкөй кескен жол, энергетика сыяктуу маанилүү маселелер чечилсе гана! Анда элеттиктер губернаторго батасын бермек. Тилекке каршы, бул ирет да сары-камыштыктардын мүдөөсү аткарылары арсар. Себеби Турсунбаев жакында Ысык-Көл облусунун башчылыгына которулары, ал жактын губернатору Мирбек Асанакунов Жалал-Абадга журт которору пландалып атканы айтылууда. Мирбек мырза кенен-кесири жайгашып, Сары-Камыштын босогосун аттагыча дагы далай заман өтөт го…

"Агым" гезити