Текебаевдин тапшырмасы менен "Ата Мекен" партиясы Бабановду бийликтен чаап түшүү боюнча Жогорку Кеңеште кол топтой баштаганы айтылып жаткан. Аны "атамекенчи" депутат Бакыт Калмаматов тастыктап, маалымат сайттарынын биринен 52 добушка жеткенин кечээ күнү жар салды. Бирок, Бабановду кетирүүгө катуу белсенген Текебаев "жылан чагып, жылкы теппей" кечээ кайрадан өзү үндөгөн "Ата Журттун" депутаттарына баш багып, Бабановду күзгө чейин кое турбайлыбы дегени маалым болду. Мындайды күтпөгөн "Ата Журтчулар" жерге түкүрүп, Текебаевдин тескери "ушатканына" кыжырданып, "эркекче сөзгө турам дегени жалган турбайбы, Бабановго бул жолкусунда канчага сатылды экен" деп кыжы-кужу болуп атканы айтылууда. Премьерликти болжоп отурган Камчыкенин маанайы өзгөчө чөктү дешет. Албетте, элден эч нерсени жашыра албайсың, эртең эле баары каалгып чыгат деңизчи, бирок Өмкөң жеке кызыкчылыгын кандырса эле бүттү, баарын унутуп, элдики менен эч качан эсептешпегенин берки шумпай саясатчылар качан түшүнөр экен?
"Учур" гезити