КСДПчы спикер Асылбек Жээнбеков жакында кызын күйөөгө узатты. Бул тууралуу «Алиби» гезити 3-июлда чыккан санында билдирди.
«Алтын казына» ресторанына дүңгүрөтүп той берди. Ага чейин резиденцияда үлкөндөрдөн катышуусунда чакан той берип, азыркы президент Атамбаев менен мурдагы президент Роза Отунбаева жетелешип чогуу келди. Баарынан кызыгы, Асылбек мырзанын бул аракетине түшүнбөгөндөр мындан көп. «Адамды чоң-кичине, бай-кедей деп бөлөт экен», деп нааразы болгондор аз эмес. Эмнеси болсо да күйөө балалуу болгон спикер мырзанын жакшылыгын тең бөлүшүп коелу», - дейт гезит.
Баракелде