-Жарандардын паспорт алуусун жеңилдеткен мыйзамга "Ата Мекен" фракциясы каршы чыгып, өткөрбөгөнгө аракеттенип жатыптыр, себеби эмнеде?
-Биз паспорт алууну жеңилдеткен мыйзам жазганбыз, эгер мыйзам кабыл алынып, президент кол койсо, паспорт алуу үчүн төрт гана кагаз талап кылынат. 1 - арыз, 2 - сүрөт, 3 - чыгымын төлөгөндүгүң жөнүндө квитанция, 4 - (эгер жаш бала болсо атасынын же энесинин паспорту), туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү керек. Эң негизгиси, паспортко жарандын дареги жазылбайт. Себеби, элдин баары ошого нааразы. Бир жерден экинчи жерге көчкөндө же батир которгондо паспорт алмаштыра берип кыйналганын көрүп жатабыз. Мына ушул көйгөйдү чечүүгө "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Эркин Алымбеков каршы чыгып, "дареги жазылыш керек" деп чыкты. Мамлекеттик каттоо кызматында баардык жарандардын дареги бар, сакталган, жазгандын кажети жок. Ал ашыкча түйшүк жаратат. Экинчиси, үйлөнгөндө, же кандайдыр бир себептер менен ажырашканда жарандарыбыз паспорт алмаштырганга аргасыз болушууда, мына ушуну да алып салган элек. Буга да "Ата Мекендин" өкүлү Алымбеков каршы чыгып, "президент баары бир вета коет" деп тырышты. "Президент вета коерун сен кайдан билесиң же анын кеңешчисисиңби! Ооба мени жаман көрөсүңөр, аны билем, бирок жеке маселени элдин паспорттук маселесине аралаштырбагыла" десек да көнбөй, каршы добушун
берди.
-Мыйзам өтпөй калдыбы?
-Жок, комитеттин төрт мүчөсүнүн үчөөсү "жакшы мыйзам экен" деп, мени колдоп берди, "Атамекенчи" Алымбековдун каршы чыкканына карабай мыйзам өттү. Кызыгы, эки окууда тең "Атамекенчилер" жыйында дагы, фракцияда дагы
колдогон.
-Эмне үчүн азыр каршы чыгып жатат?
-Ал учурда мен "Ата Мекен" фракциясынын катарында элем, эми катардан чыгарылгандан кийин мен жазган мыйзамдарга чейин булар каршы чыгып жатышат. Мейли дейт элем, эгер өзүмө бут тосушса. А мыйзамда эмне айып, ал мага эмес, элге керек да. А булар жеке таарынычын ушундан чыгарып, эптеп эле мени сындырганга аракеттенип, элдин кызыкчылыгын чекеге сүрүп коюшту. Муну "атамекенчилер" сүйлөшүп алып жасашууда. Бул билгенге өтө уят иш.
-Мыйзамда дагы кандай жеңилдиктер бар?
-Көп балалуу үйбүлөлөргө паспорт алуу бекер болот. Көп балалуу деген статусту өкмөт бекитет. Ошондой эле этникалык кыргыздарга паспорт бекер берилет.
-Жогоруда сиз атап кеткен жарандардын маалыматы азыр чет элдик компаниянын колунда экен, бул кандай чечилет?
-Ооба, азыр бир компаниянын колунда. Маалыматтын баарын ошолор чогултат. Биз мыйзамга жазып койдук, бүт баардык маалыматты Мамлекетти каттоо кызматы жүргүзөт, ошондо сакталат жана паспортту берүүнү мамлекет гана жүргүзөт деп. Мыйзам ишке кирсе, азыркы жеке компания өзүнөн-өзү жоголот.
"Учур" гезити