Бишкек шаардык мэриясы шаар башчысынын буйругунун негизинде кытайлык Yangzhou Yaxing Motor Coach Co., Ltd жана Бишкек автотранспорт ишканасы менен келишим түзгөн. Келишимдин негизинде кыргыз тарап кытайлык компаниядан 200 даана автобусту ар бирин 24 337 доллардан, жалпы эсеби 4 867 400 АКШ долларына сатып алган. Бул автобустар Кыргызстанга алынып келгенден кийин Бишкек автотранспорт ишканасынын балансына киргизилген. Баланстык суммасы алып келүү жана бажыдан өткөндөгү каражаттар кошулуп отуруп, ар бир унаа 1 107 348,14 сомго бааланып, жалпы сумма 225 092 628 сомду түзгөн. Бирок, мындай иштер тендер өткөргөндөн кийин гана жүрүш керек эле.
Тилекке каршы, 225 092 628 сом өлчөмүндөгү каражат жумшалган келишим мамлекетти ири өлчөмдө чыгашага алып келери белгилүү болсо да, Бишкек шаардык мэриясы тарабынан келишим түзүлгөн.
Ошондо шаар башчысы болуп турган Н.Түлеев мынча чыгашага алып келген келишимди түзүп атканда көңүл бурган эмеспи, же бир кызыкчылыгы болгон үчүн келишим түзгөнбү? Анын да аныгына жетер мезгил келген сыяктанат. Кандай жооп берер экен, күтө туралы…
"Учур" гезити