Ош облусунун Ноокат районунда салык кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти. Ага райондун акими Замир Аскаров, райондогу мекеме-ишканалардын өкүлдөрү жана салык кызматкерлери катышты. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматы кабарлады.
Райондун жетекчиси өз сөзүндө жергиликтүү жана республикалык бюджеттин аткарылышына салык кызматкерлеринин салымы эбегейсиз зор экендигин белгилеп, мындан ары да жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге жакшы иш жүргүзө беришине тилектеш экенин билдирди.
Айрым салык кызматкерлерине райондук мамлекеттик администрациянын жана райондук кеңештин ардак грамоталары жана баалуу сыйлыктары тапшырылды.
Белгилей кетсек, Ноокат районунун салык кызматкелери 2012-жылдын алты айына салыктар жана төлөмдөр боюнча коюлган планды 105 пайызга аткарышты.
Кабар