Нарын облусундагы Жумгал районунун Көк-Ой айылында жерге жетпеген жаштар өкмөттүн кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин кайра бөлүштүрүү маселесин жеринен аныктап, чечип берүү максатында Жумгал райондук мамлекеттик администарциясына кайрылуу жасашты.
 
Аймактык кабарчы Мирбек Асаналиев билдиргендей, райадминистрация 25-июнь 2012-жылы №151 буйругун токуп, Көк-Ой айылынын жаштырынын кайрылуусунда көрсөтүлгөн көйгөйлүү маселелерди чечип берүү боюнча комиссия түзүлүшүн буйруду.
 
Териштирүү комиссиясынын төрагасы Айыл чарба департаментинин башчысы Т.Молдокеев, комиссиянын төрагасынынын орун басары райондук мамлекеттик администрациясынын экономика жана өнөр жай секторунун башчысы Р.Абышев, комиссиянын катчысы болуп райондук мамлекеттик администарциясынын юридика, укук коргоо органдары жана жараандардын арыз даттануулары менен иштөө боюнча жетектөөчү адиси Т.Абышев андан тышкары, райондун мекеме жетекчилери, ошондой эле айыл тургундары, депутаттардын курамынан 8 адамдан турган комиссия түзүлүп, азыр такталып жатат, деп билдирет комиссиянын катчысы Т.Абышов.