Бишкек шаарынын Свердлов районунда 2-июлда саат 14:00 чамасында 17 жаштагы Асылбекти суудан алып чыгып 1-медициналык жардам көрсөтүшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
 
Ошондой эле куткаруучулар бул күнү Свердлов районунда саат 15:14 чамасында 25 жаштагы Урамов Ш суудан алып чыгып, 1-медициналык жардам көрсөтүшкөн.
 
Мындан тышкары 2-июлда саат 17:10 чамасында 19 жаштагы Сатыбалдиев Тынчтыкбек Эльдияровичти суудан алып чыгып, 1-медициналык жардам көрсөтүшкөн.