Жумгал райондук мамлекеттик администрацияда айыл өкмөт башчылары, мекеме жетекчилери, мектеп директорлорунун катышуусунда  коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча кеңешме өттү. Анда окуусун таштап, Бангладеш өлкөсүнө кетип жаткан окуучулар боюнча маселе талкууланды. Бул туурасында кабарчыбыз Мирбек Асаналиев билдирди.
 
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга райондун аймагынан мектеп окуучулары Бангладеш өлкөсүнө кандай шартта жана кайсы окууга кеткендиги боюнча Кыргыз Республикасынын Диний башкармалыгынан маалымат алуу, айыл өкмөттөрүнө жер-жерлерде эл арасында мектеп курагындагы балдардын чет өлкөгө кетүүсу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле А.Молдокеев, М.Алыбаев, Т.Турсунбаева атындагы орто мектептердин директорлорунун кызмат абалын кароо жагы сунушталды.
 
Кабар