Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, ушул тапта кар көчкү түшүү коркунучу дагы эле сакталууда. Мындан улам жолду ачуу маселеси абалга жараша алдыңкы эки-үч күндүн ичинде чечилмекчи: 

«Ош - Бишкек жолунун Чычкан капчыгайында, Төө-Ашуунун Суусамыр жак бетинде, Ысык-Көл облусундагы Чоң-Ашууда, Барскоон  ашуусунда кооптуу жерлер бар. Анан Чаткалда да абал оор болуп жатат»,- деди Кубатбек Боронов.

Маалыматка ылайык, ушул тапта Бишкек - Ош жолунун боюндагы тоолордо топтолгон карды атып көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
 
 
"Азаттык"