Жалал-Абад облусунун алыскы Чаткал районунда Ак-Таш – Чакмак-Суу жолу жабылды. Ага эки күн тынбай жааган кардан кийинки катуу бороон себеп болду. Бүгүнкү күндө Чаткалда абал оорлоп, медициналык жайлар  дары-дармексиз, малдын тоюту жок калды.
 
Райондук кеңештин депутаты, Башкы-Терек айылынын тургуну Рахия Өмөрбекованын айтымында 18-мартта райондук борбордук оорукананын жетекчиси Эмилбек Барпиев баштаган дарыгерлердин тобу Чакмак-Суу, Башкы-Терек айылдарында жашаган тургундардын ден-соолугун текшерүүдөн өткөрүшкөн. 
 
Анын жыйынтыгы боюнча бул эки айылдан акыбалы оор 7 сыркоону райондук ооруканага жаткыруу чечими кабыл алынат. Ошентип баш-аягы 18 киши райборборго кайтып, бирок, Кумбел кыясында кар көчкү түшүп, артка кайталы десе катуу бороондон улам жол жабылып, орто жолдо Мырза булак участогундагы малчынын үйүндө түнөшкөн. 
 
19-мартта айыл башчы баш болгон атчандар абалы өтө оор сыркоолорду кайра Башкы-Терек айылындагы ФАПка жеткиришип, ал жактан медициналык жардам көрсөтүлгөн. 
 
“Бүгүнкү күндө ФАПта дары-дармек түгөндү. Сасык тумоого каршы бир да дары калган жок. Абал өтө кооптуу. Күн сайын экиден-үчтөн жылкы, бодо мал ачкалыктан жыгылып, бычакка араң келип жатат. “Нооруз” майрамын ойлобой эле, көк шили болуп малын аргасыз сойгон айылдаштарыбызга жардам болсун деп анын этин “кызыл козуга” баалап алып жатабыз. Кары-жаш дебей жапырт тал-теректи бутап, малды аман алып калуунун аракетин көрүп калдык. Азык-түлүгүбүз да түгөнүп жатат”,- дейт Рахия Өмөрбекова. 

Дарыгерлерден турган “десант” жеңилирээк сыркоолор менен жарымы ат, жарымы жөө жалаңдап райондун борбору Каныш-Кыяга бет алышканын телефон аркылуу билдиришти. Аларды утурлап райондук борбордон жол тазалаган техникалар бара жатышат. Бул Чаткал өрөнүнүн күн чыгышындагы болгон окуя.
 
Ал эми, өрөөндүн күн батышында жайгашкан Ак-Таш айылына кеткен жол жана Ала-Бука – Каныш-Кыя жолу үч күндөн бери жабык. Анткени, Чапчыма ары жагындагы Терек-Сай – Көк-Кыя жолу жана ашуунун бери жагындагы Чоң-Сай, Терс участкаларында кар көчкү түшкөн. Райондогу болгон техниканын күчү айыл ичиндеги жолду ача албай жаткандыктан, аталган райондун жана Жалал-Абад облусунун жетекчилери жардам сурап КР өкмөтүнө кайрылды. Бүгүн эртең менен КР премьер-министри өкмөттүк жыйын өткөрүп, өзгөчө кырдаал боюнча министрлигине жолду тазалоо милдеттендирилди. Ошондой эле Чаткал районунда алтын казуу менен алектенген фирмаларды көмөктөшүүгө чакырды. 
 
Учурда Чаткал районуна жардам берүү боюнча атайын топ түзүлүп, аларга бир жарым суткада жолду кар көчкү жана күрткүдөн тазалоо тапшырмасы берилди. Бирок, бул тапшырманы көрсөтүлгөн убакытта аткаруу мүмкүн эмес. Анткени, ӨКМ жана аба ырайына тиешелүү маалымат кызматтарында Ала-Бука – Каныш-Кыя – Кировка автожолунун кайсыл жеринде жана канча көлөмдө кар көчкү түшкөндүгү жөнүндө так маалымат жок. 
Эгер 2-3 күндүн аралыгында жол ачылбаса Каныш-Кыя, Айгыр-Жал, Жаңы-Базар жана Курулуш айылдарында да азык-түлүк, тоют түгөнүп, адамдар ачка калса, мал кыргынга учурашы толук мүмкүн. 
 
Азыр Чаткал өрөөнүндө 1,70 -2 метр кар жатат.
 
 Абдыжапар Нурдинов, 
журналист, Чаткал району