Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кызыл-Белес айылынын Сүйүмбек Атамбеков атындагы мектептин окуучулары чатырларда окуп жатышат. Бул тууралуу «Де-факто» гезитинин 20-мартта чыккан санында маалымдалды.
Район акими Сейтек Кулубаевдин айтымында, учурда жалпы 220 окуучунун 120га чукулу жылытылган төрт чатырда билим алышууда. Алардын ичинде атайын темир меши бар, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дагы беш чатыр убада кылды.
Маалдыматка ылайык, мектеп имараты 1959-жылы ашар жолу менен курулган. Мурда эле эскилиги жеткен имарат быйылкы февраль айында болгон жер титирөөдө жараксыз абалга келген.
«Учурда Ак-Талаанын борборунда калыңдыгы 10-14 см.ге жеткен кар жаап жатат. Окуучулар болсо карга карабай чатырларда билим алышууда», - деп кошумчаланат гезитте.
Баракелде