“Ата-Мекен” фракциясынын жыйынында депутат Райкан Төлөгөнов Кыргызстандын электр энергиясын бөлүштүрүү тармагында Максим Бакиев түзүп кеткен мафиялык топ ушу күнгө чейин иштеп келе жатканын билдирди. Анын айтымында, “Камбар-Ата” ГЭСине крандарды сатып алууда атайын топ коррупциялык схема менен шугулданган.
 
“Булардын арасында энергокомпаниялардын башчылары, Каржы полициясы менен Башкы прокуратуранын кызматкерлери болгон. Өзүнчө мафиялык топ болуп алышкан. Баарын Максим башкарчу. Эгерде биз бул мафияны кууп, соттоп кутулбасак, коррупция улана берет. Ошондо мафиялык топто жүргөндөр азыр да иштеп жатат, албетте, көнгөн адатынан кайтышкан жок”,- дейт Төлөгөнов.
 
Райкан мырза Американы ачып жаткан жок. Анткени, бизде энергетика тармагы өзүнчө эле мамлекет ичиндеги мамлекет болуп алган. Ширшов, Балкибеков дегендердин куйруктары азыр деле ошол жакта тегеренип жүрүшпөйбү. Башкы маселе – бул балээден качан кутулабыз. Анализдей келгенде, ким бийликке келбесин, булардын кызматынан башт тарткысы келбей калат окшойт. Бакиевди бийликке алып келишкенде деле ушул ооруну талкуулашкан. Жоголгон жок. Кайра күчөп, Токтогулда суу түгөнгөнчө сатып “ичишти” го чиркин. Чынында, бийликте олтургандардын кызыкчылыгы болмоюн, мындай уурулар иштей албайт. Демек, азыркы бийлик деле ушуга кызыкдарбы? Ашыкча акча жүк болмок беле, туурабы?
 
Булак: "Майдан.kg" гезити