Бүгүн жалпы кыргызстандыктар жазды утурлай келген Нооруз майрамын тосушууда. Бул майрамдын жыл өткөн сайын маани-маңызы кеңейип баратат. Анткени, Нооруз мусулман дүйнөсү үчүн Жаңы жылдык майрам, анан да жаңылануунун, тазалануунун символу катары белгилүү.Быйылкы кыш Ноорузга чейин созулду. Акындардын бири тамашалап, “Быйылкы жаз бала салып алганбы?” – деп да жазганга үлгүрдү. Бирок, бүгүн аба-ырайы ачылып, бизге кереметти тартуулап турган чак.
Урматтуу окурман!
Түйшүктүү турмушубуз быйыл оңолуу жолуна түшүп, үй-бүлөдө бакты-таалай, молчулук, токчулук, ырыс-ынтымак болсун! Көңүлдү түшүргөн көрүнүштөр артта калып, асманыбыз ар дайым ачык болуп турсун! Бардыгыңыздарга оомат тилейбиз. Көп жашаңыз, оорубаңыз!
“Саясат.kg” маалымат агенттигинин эмгек жамааты