Бишкек – «Саясат.kg». Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Бишкек-Ош автожолу саат 9.00дон 24.00гө чейин жабылып жаткандыгын эскертет. Бул туурасында бүгүн, 20-мартта “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оперативдик башкармалыгынын жетекчиси Мухтар Бейшенбаев билдирди. 
 
Анын айтымында, айрым жарандар жол дал ушул убакыт аралыгында ачык турат деп түшүнүшүүдө. “Биз жолду күндүзгү убакытта толук жаап жатабыз. Анткени кар көчкү негизинен күндүз, тагыраак атйканда, эртең менен жана түшкү маалда түшүп жатат. Биз байкоо жасаган учурда Бишкек-Ош автожолунда кар көчкү бир да жолу түн ичинде түшкөн жок”, - дейт М.Бейшеналиев.
 
Оперативдик башкармалыктын жетекчиси Бишкек-Ош автожолундагы мындай чектөө март айынын акырына чейин созулаарын кошумчалады.