Бишкек, “Саясат.kg”. “Электр станциялары” компаниясынын жаңы жетекчилиги бийликтеги таасирдүү адамдардын айынан, баштаган реформаларын толук кандуу жүргүзө албай жатат. Мындай пикирин бүгүн, энергетика тармагындагы кадр саясатына арналган тегерек үстөлдө компаниянын баш директорунун кеңешчиси Венера Сартова билдирди.
Анын айтымында, учурда “Электр станциялары” компаниясы товарларды сатып алуу, кызмат көрсөтүү багытындагы коррупциялык схемаларды жок кылуу багытында иш алып барууда. “Бирок, биз чоң тоскоолдуктарга тушугуудабыз. Анткени, ар бир коррупциялык схеманын артында жогорку жактагы саясатчылар турат экен”,- деди ал.
“Алар коллективди да бизге каршы койгонго аракет жасап жатышат. Албетте, ким эле өз каалоосу менен чоң киреше булагынан кол жуугусу келсин”,- дейт Сартова.