Кыргызстандын түштүгүндө 500 мектепти кайра куруп чыкпаса болбойт, алардын инфраструктурасы аябай төмөндөп кеткен, деп билдирди илим жана билим министри Канат Садыков.
«Алиби» гезитинин 20-мартта чыккан санында жазылгандай, Кыргызстанда 2204 мектеп бар. Алардын түштүктөгүсүнүн абалы министрдин айтканындай болсо, иш чатак.
Эгемендик жылдары, дал ошол мектептердин тушуна 2 миңдей мечиттер салынып кеткен.
Баракелде