Кыргызстанда 2011-жылдын 1-октябрынан тартып орточо пенсиянын өлчөмү электр энергиясына компенсациялык төлөмдөрдү кошуп эсептегенде 3796 сомду түздү, деп билдирди Соцфонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев 20-мартта «Фабула» гезитине берген маегинде. Анын айтымында, Социалдык фонд 2012-жылга пенсияларды орточо эсеп менен 12%га жогорулатууну пландаштырып жатат. 2012-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн туруктуу белгиленген суммада жана дифференциялаган пайыздык ченде жогорулатуу сунушталып жатат.
«Азыркы тапта 2012-жылга пенсияларды эки этап менен жогорулатуу каралууда. 2012-жылдын 1-майынан тартып камсыздандыруу бөлүктөрдү көбөйтүү менен пенсиялар 11%га жогорулатылат, муну менен ар бир пенсионердин пенсиясы 400 сомго көбөйөт. Бул үчүн 1 млрд 800 млн сом бөлүндү. Пенсиялар экинчи этап менен 2012-жылдын 1-октябрында жогорулатылат», - деди ал.
Төрага кошумчалагандай, пенсияларды жогорулатуунун бардык варианттары чоң пенсияларды колдоого алуу менен, аз өлчөмдөгү пенсияларды жогорулатып, аны менен бирге орточо пенсиянын өлчөмүн пенсионердин жашоо минимумуна чейин жеткирүүгө шарт түзүүдө.
Баракелде