Бүгүн, 20-мартта Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков Чоң-Алай районунун жергиликтүү жашоочуларына жардам катары 300 даана нан, 100 даана минералдык суу, 160 даана тушенка жана башка азык-түлүк продуктусун алып жөнөп кетти. Бул тууралуу обладминистрациянын маалымат катчысы Канболот Тутуев билдирди, деп маалымдады «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы.
Губернатор тиешелүү жетекчилер менен биргеликте Чоң-Алайдагы көйгөйлүү маселерди чечет.