19-мартта Лейлек районундагы мамлекеттик чек арадан айланып өтүү учурунда Лейлек чек ара отрядынын аскерлери райондук милиция кызматкерлери жана коргоо министрлигинин жоокерлери менен биргеликте Кыргызстандын эки жаранын аткезчилик жүк менен кармашты. Бул тууралуу КР МУКК Чек ара аскерлигинен билдиришти.
Кармалган «КАМАЗ» автомашинасындагылар баасы 416 миң сомду түзгөн 16 тонна селитраны алып өтүүгө аракет кылышкан. Текшерүү учурунда аларда тиешелүү документи жок болуп чыккан.
Кармалган жарандар аткезчилик жүгү менен Баткен облусунун ИИББ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Кабар