Эртең, 21-мартта Ысык-Көл облусунун борбор шаары Каракол шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына арналган салтанат өтөт. Аталган салтанатка Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн вице-премьер министри Гулнара Асымбекова катышуусу күтүлүүдө.
Ысык-Көл облмамадминистрациясынын басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдиргендей, кыргыз элинин улуу майрамы болуп саналган Нооруз майрамында борбордук аянтка 7 боз үй тигилип, анда «Улуттук кол өнөрчүлүк», «Улуттук тамак аш», «Улуттук кийимдердин» «Нооруз» майрамына карата жарыяланган кароо-сынактары өткөрүлөт. Ошондой эле улуттук спорттук оюндарынын мелдештери өткөрүлөт. Ысык-Көлдөн чыккан жети аке тууралуу Нооруз майрамына карата театрлаштырылган программа жана майрамдык концерт тартууланмакчы.
Кыргыз Республикасынын Президентинин «2012-жылды – үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыялоо жөнүндөгү» жарлыгынын негизги идеяларын чагылдыруу жана ишке ашыруу максатында Нооруз элдик майрамын жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн Ысык-Көл областтык мамлекеттик администрациясы райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаарлардын мэрлери райондордо жана шаарларда майрамдык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча атайын токтом кабыл алган. Токтомго ылайык, эртең бардык район шаарларда Нооруз майрамын жогорку деңгээлде өткөзүү үчүн даярдыктарды көрүшүүдө.