Бишкек, “Саясат.kg”.“Ата-мекенчи” депутат Карганбек Самаков Кыргызстанда визасыз режимди киргизүүгө караманча-каршы чыгууда. Анан да, визасыз каттамдарды киргизүүгө багытталган тизмеге Жапониянын кирбей калганына жаны кашайды. “Эмне, тышкы иштер минитрлигиндегилер ал жактан келип жаткан гранттарды унутуп калганбы? Эгер бул долбоор ишке ашса Японияны да кошуу керек”, - деди ал.
Андан тышкары Самаков: “Катарга бир барып келип эле, визасыз каттамды жөн эле киргизе беребизби? Анда Араб өлкөлөрүнүн баарына визасыз режимди киргизип берели”,- деп какшык аралаш каап өттү.