21-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-чыгыш тараптан шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз 6...11,
Талас облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз 5...10,
Баткенде түнкүсүн -5...-10, күндүз 5..10 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3...-8, күндүз 5...10,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9 градус, күндүз -1...+4,
Нарында түнкүсүн -9...-14, күндүз 0..-5,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -18..-23, күндүз -5...-10,
Тоолордо түнкүсүн -16...-21, ал эми күндүз -6..-11 болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Түндүк-чыгыштан шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6...8 градус суук, күндүз 8...10 градус жылуу болот.
 
Азаттык