Жалал-Абад шаарында 21-март күнү Нооруз майрамы күндүн сууктугуна байланыштуу Барпы театрында КР Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси Төрөгул Бековдун катышуусунда өтөт. Бул туурасында шаардын вице-мэри Гүлзат Алимбаева билдирди.
 
Анын айтымына караганда, жылдагыдай майрамдык салтанат Эркиндик аянтында болбой, театрдын ичинде өтүп жаткандыктан, биринчи кабатына улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү уюштурулуп, майрамдык концерттик программа тартууланат. Ал эми облус губернатору А.Турсунбаев менен шаар мэри Бакытбек Адылов Нооруз майрамына келгендерге өздөрүнүн куттутоосун жолдошот.
 
«Шаардын тургундары жана коноктор көңүлдүү эс алуусу үчүн Токтогул эс алуу паркы, коомдук тейлөө кызматы иштейт. Жергиликтүү бюджеттен Нооруз майрамын жакшы маанайда өткөрүү үчүн 85 миң сом бөлүнгөн», - деди Г.Алимбаева.
 
Кабар