Бишкек, “Саясат.kg”.Башкы прокуратура тарабынан,Энергетика жана өнөр жай министрине өлкөдөн чыгып кетпөө түрүндө эскертүү берилди.
Эске салсак, А.Шадиевке карата ууланган көмүрдү сатып алуу фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин негизинде, кызматтык абалына жоопкерчиликтүү мамиле жасабагандыгы үчүн айып тагылган. Бул маалымат белгилүү болору менен, тергөө ишине тоскоолдук келтирбөө максатында, А.Шадиев кызматынан убактылуу четтетүү арызы менен Бабановго кайрылган.
Министрдин милдетин учурда Шадиевдин орун басары А.Калмамбетов аткарууда.