Эл өкүлүнүн айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдөгү балдардын 95 пайызы тиштин кариеси менен жабыркайт. Буга негизинен бала бакча жана мектептеги туура эмес тамактануу себеп болууда.

“Биздин балдар бакчадан кант жешет. Ал компотко, айранга, боткого, булочкага жана чайга кошулат. Чайдын ордуна суу, кант кошулбаган айран жана башка кантсыз суусундуктарды берсе болот. Чайды алып салуу керек”, — деди депутат Жогорку Кеңештин жыйынында.

Спутник