Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББи билдирди.

Маалыматка ылайык, П.Н. аттуу аял Свердлов РИИБдин тергөөчүсүнө башка жарандын үстүнөн уурдоо фактысы боюнча кылмыш ишин ачып берүүнү суранып акча сунуштаган. Себеби ага чейин милиция кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу иш козгоодон баш тарткан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөөнүн натыйжасында, 32 жаштагы П.Н. тергөөчүнүн иш бөлмөсүндө пара берип жаткан жеринен кармалган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Пара берүү» менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Милиция мамлекеттик кызматкерлерге пара берүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Репортер