Акыркы мезгилде көп жарандар чет өлкөгө, айрыкча Чех Республикасына ишке орноштуруу убада кылган шылуун адамдарга жана уюмдарга кабылып, алданып калган учурлар кескин көбөйдү. Аталган айрым адамдар жана уюмдар белгиленген талаптарды сактабастан иш жүргүзүп, кыргыз жарандарынын укуктарын бузган учурлар кездешүүдө. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды сак болууга чакырат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Чет өлкөдө ишке орношууну көздөгөндө, жеке агенттиктер тууралуу социалдык тармактардагы жана интернеттеги маалыматтарды кылдат текшерип, шектүү жаранамаларга ишенбеңиз.

Маанилүү!

Компаниянын өкүлү менен сүйлөшүүдө төмөнкү маалыматтарды тактап алыңыз:

- Агенттиктин расмий аталышы, лицензиясы жана жетекчиси тууралуу маалымат.

- Сунушталып жаткан жумуш орундары, эмгек жана жашоо шарттары, кызматкердин укуктары жана милдеттери.

- Кыйынчылык жаралса, укуктарды жана кызыкчылыктарды коргоо жолдору.

Чет өлкөдө ишке орноштуруучу жеке агенттиктердин мыйзамдуулугун текшерүү үчүн www.migrant.kg сайтынын «Кызматтар» бөлүмүн караңыз. Бул жерде уруксаты бар компаниялардын расмий тизмеси берилген.

ИИМ эскертет: Эгер эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзам бузуулар аныкталса, дароо укук коргоо органдарына билдирип, күнөөлүүлөрдүн жоопкерчиликке тартылышына жардам кылыңыз.