Кыргызстан аймагында 2026-жылдын 2-февралынан 8-февралына чейин алдын ала маалымат боюнча 25 638 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдирди.

Маалыматка ылайык, аныкталган мыйзам бузуулардын ичинде:

• тийиштүү документтери жок транспорт каражатын башкаруу — 2 666;

• мас абалында унаа башкаруу — 359;

• автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 166;

• жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин бузуу — 674;

• транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 728;

• автоээнбаштык — 27;

• белгиленген ылдамдыктан ашуу — 2 588;

• жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу — 11;

• башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 11 821.

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 598 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырып, жолдогу тартип ар бир жаран үчүн маанилүү экенин эскертти.