Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы тарабынан «Мадина» жана «Аламедин» базарларынын аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында күн сайын көзөмөл иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу МККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Рейддердин жүрүшүндө жол белгиси 3.27 «Токтоого тыюу салынат» коюлган жерлерге токтотулган, башка айдоочулардын эркин өтүүсүнө тоскоолдук жараткан автотранспорт каражаттары күн сайын эвакуацияланууда. Мындай мыйзам бузуулар жол тыгындарына жана авариялык кырдаалдардын жаралышына алып келет.
Эреже бузган айдоочуларга карата мыйзам талаптарына ылайык укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлүп, унаалар атайын айып короого жеткирилет.
МККБ айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого, жол белгилеринин талаптарын аткарууга жана коомдук тартипти урматтоого чакырат.