Жакында Бишкекте үрөй учурган окуя катталды: жогорку окуу жайларынын биринин 48 жаштагы ага окутуучусу Жибек Урустемова күйөөсүнүн колунан өлүм тапты. 

Маркумдун 19 жаштагы уулу бийликке кайрылуу жолдоду. Анда апасынын өлүмүнөн кийин өзү жана эки бир тууганы моралдык да, материалдык да кыйынчылыкта калышканын билдирген. 

"Урматтуу Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич!

Менин атым Бекжан. Мен жакында жолдошу тарабынан өлтүрүлгөн Жибек аттуу аялдын улуу уулумун.

Апам өмүр бою жөнөкөй мугалим болуп иштеп, үй-бүлөнү толугу менен өзү багып келген. Ал балдарын жана акыркы 5–6 жылда иштебеген жолдошун (өгөй атамды) каржылап турган. Батир ипотека аркылуу алынган жана төлөмдөрдү апам өзү төлөп келген. Учурда ипотекалык насыя боюнча болжол менен эки миллион сом карыз калган. Бул сумма студент болгон мен үчүн көтөрө алгыс жүк.

Апамдын каза болгондон кийин мен жана эки кичинекей иним (алар 2- жана 3-класста окушат) энесиз жана жашоого керектүү каражатсыз, ипотекалык карыздар менен калдык. Азыр мен жогорку окуу жайда билим алып жатам, бирок аргасыздан окуумду токтотуп, ишке орношууга мажбур болдум.

Сиздерден биздин оор турмуштук жагдайыбызды чечүүгө жардам көрсөтүүңүздөрдү өтүнөм. Биз мамлекеттин колдоосуна муктажбыз.

Расмий жазуу жүзүндөгү арыз менен жеке өзүм кайрылдым.

Урматтоо менен, Бекжан", - деп жазылган кайрылууда.