Бүгүн, 24-декабрда Бишкектин борбордук бөлүгүндө суу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 10:00дөн 22:00гө чейин турак жай, мектеп, бала бакча, саламаттыкты сактоо мекемелерине, социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы:

  • «Айчүрөк» соода борбору,
  • «Берен Голд» соода борбору
  • А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры
  • "Кабар«маалымат агенттиги
  • Борбордук шайлоо комиссиясы
  • Т/ж, Шопоков көчөсү, 98а
  • Фонтандын аймагы
  • Италиянын Кыргызстандагы консулдугу

Жер алдындагы өтмөк аркылуу өткөн Д-150 мм болгон жаңы линияга туташтыруу иштери жүргүзүлөт.

«Бишкексууканал» ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Булак: 24.kg