Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев учурда Бишкектеги ЦУМдун жанына курулуш курууда. Ага байланыштуу коомчулукта ар кандай сындар айтылган. Анын башкысы - унаа өтүүчү жолду тарытып, долбоордун башталышында каралбаган 3 кабаттуу имаратты куруп баштаганы. 

Ал журналист Майраш Базлакунованын каналында болуп, маек берди. Анда журналист: "Комчулукта бул киши акчага тойбойт окшойт, жердин үстүндөгү жылтырагандын баарын алды, эми жердин алдын да алып жатат дегендей пикирлер айтылып жатат. Сиз көпчүлүктүн пикирине көнүп калгансызбы же териңиз калыңбы?" - деген суроо узатты. 

Анда Нариман Түлеев "дүйнөдөгү эң бир миллиардерлер тойбогон акчага мен эмнеге тоюшум керек" дегендей жооп узатты: 

"Билл Гейтс ким да, Түлеев ким? Айырмасы асман менен жердей. Анын байлыгы 170-180 миллиард доллар. Ошол эле Илон Масктын байлыгы 600 миллиард долларга жетти. Эмнеге алар токтобойт? Токтосо, ошолор токтобойбу? Эмнеге аларга эли "болду эми, тойдуңбу, токтобойсуңбу?!" - дебейт? Мен болсо жерди казып, б.к менен аралашып, канализация турган жерде иштеп жатам. 1500 кишини иш менен камсыз кылып жатам. Ишкер катары элге жумуш таап берип, салык төлөп жатам. Азыр салык төлөбөгөн ишкер жок, кайсы бизнеске барба "кокуй, биринчи мамлекеттин салыгын төлөп берели" деп калышкан. Эч бир бизнесмен тойдум дебейт, тойдум десе, башымды кесип берейин".