КР УКМК Ж.К. жана М.А. аттуу жарандардын кармалышы боюнча маалымат берди:
"14-декабрда 90 миң АКШ доллары өлчөмүндө накталай акча алып жаткан жеринен Ж.К.Т. аттуу кыргызстандык УКМК тарабынан кармалган.
Ал өзүнүн кылмыштуу шериги, КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери М.А.Ж. менен биргеликте кылмыштын квалификациясын өзгөртүүгө көмөктөшүү шылтоосу менен 180 000 (жүз сексен миң) АКШ доллары өлчөмүндө накталай акча талап кылышкан.
Мындан тышкары, Ж.К.Т. аттуу жаранга таандык унааны тинтүү учурунда скотч менен оролгон кара түстөгү полиэтилен баштык табылып, алынган. Баштыктын ичинен жалпы салмагы 105 грамм болгон баңгизаты, гашиш табылган.
Жогорудагы адамдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмышты жасоого шектүү катары кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө".