
КР УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү менен күрөшүү, анын ичинде ок атуучу куралдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү багытында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында курал-жарактардын катылган жери табылды.
Алсак, сотко чейинки өндүрүштүк иштерде катталган маалыматтардын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын четинде "Макаров" тапанчасы жана "револьвер" түрүндөгү 1 даанадан ок атуучу курал табылган.
Алынган ок атуучу куралдардын номерлери атайылап алынып салынган (өчүрүлгөн). Алдын ала маалымат боюнча, тапанчалар уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө таандык болгон, алар куралдарды өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүнүн алкагында жеке пайда табуу максатында мыйзамсыз алышкан.
Учурда курал-жаракты мыйзамсыз сатууга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

