“Көп кабаттуу бийик имараттарды куруудан коркпош керек”, - деди курулуш, архитектура жана коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев.

Айтымында, аталган министрликтин алдында Жер титирөөгө туруктук берүү институту бар жана анда 100гө жакын кызматкер иштейт. Алар жер кыртышын иликтеп, тийиштүү программалар аркылуу иштеп чыгып, ошого жараша гана кайсы жерге кандай имарат курууга болооруна уруксат беришет.

“Буга чейин Кыргызстанда 9- жана 10- кабаттуу имараттар менен чектелип келгенбиз. А азыр биздин институт 18 кабаттан өйдө имараттардын шарттарын изилдеп беришүүдө”, - деди ал.

Орунтаев дүйнөдөгү 8-9 баллдык жер титирөө шартында жайгашкан шаарларда деле бийик кабаттуу имараттар биринин артынан экинчиси курулуп жатканын айтты.

“Мисалы, Казакстандын Алматы шаарында бийик кабаттуу имараттар көп. Өзбекстандын Ташкент шаарында 50дөн ашуун кабаттуу имарат курулган. Тажикстандын Душанбесинде 35 кабаттуу имарат бар. Кытайдын Үрүмчү шаарында болсо бийиктиги 266 метр болгон 70 кабаттуу имарат турат”, - деди ал.

Айтымында, учурда Кыргызстанда эң бийик имарат – бул 27 кабат, учурда курулуш иштери аягына чыгууда. Алдыда 35 кабаттуу имараттын курулуш иштери башталышы мүмкүн, ага уруксат берилген. Андан сырткары, 40 кабаттуу үй куруу боюнча тийиштүү нормалар чыккан, бүгүнкү күндө ал уруксат берүү процессинде.

“Алдын ала айта алабыз: бизде 40 кабатка чейинки имараттарды курууга болот”, - деди Орунтаев.