Кыргыз Республикасынын УКМК жетекчилиги, ардагерлер кеңеши жана өздүк курамы 2025-жылдын 11-декабрында полковник Маканбаев Эркинбек Чакановичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Эркинбек Чаканович 1972-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Сенир айылында туулган.
1994-жылы Ош жогорку технологиялык колледжин, 2015-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУну (магистратура) "Юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган.
Эркинбек Чаканович Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарындагы кызматын 2001-жылы баштап, 2025-жылга чейин ар кандай ыкчам жана жетекчилик кызматтарда иштеген.
Кызматтык милдеттерин аткарууда жетишкен оң натыйжалары үчүн ведомстволук сыйлыктарды алган, ошондой эле КР Президентинин жана КР Министрлер Кабинетинин атынан сыйлыктар менен сыйланган.
"Эркинбек Чаканович менен чогуу кызмат өтөгөндөрдүн баары аны татыктуу жетекчи, чыныгы офицер, жогорку жоопкерчилик сезими бар жооптуу кызматкер катары эстеп калышты.
Ал чекисттердин бир нече муунун тарбиялап, ар дайым чынчыл жана адилеттүү болууга, чекисттик салттарды сактоого, туруктуу жана март болууга, коопсуздук органдарынын офицери деген наамды бийик көтөрүүгө жана өз Мекенин сүйүүгө үйрөткөн.
Эркинбек Чаканович боорукер жана ак көңүл адам, жакшы дос жана ишенимдүү жолдош болгон. Ал биздин эсибизде ушул сакталат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, ардагерлери жана өздүк курамы анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтат", - деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.