Манас шаарынын тургуну Разия Үметова  Би-би-си  (ВВС)  телеканалына маек берип, анда эне Сириядагы куралдуу кагылышуу аймагына көп жыл мурун кеткен уулун ушул күнгө чейин үмүтүн үзбөй күтүп жүргөнүн билдирген. 

"Түшүмдө да күтөм, өңүмдө да күтөм... "Сирияга кетип жатам, кечирип кой" деп эле уулум билдирүү жазыптыр. Кайра чалсам телефону өчүк болду. 2015-жылдын январь айы эле... Ал убакта уулум Москва шаарында иштеп жүргөн", - дейт эне. 

Ал баласын кайтарып келем деп Түркияга чейин барган. Ал жактагы тааныштарына, Сирияга киргизип коюусун суранган. Бирок алар: "Эже, Сирия айыл эмес, чоң өлкө. Дареги, телефон номери болбосо, таба албайсыз. Ал өлкөгө бир кирсеңиз чыга да албайсыз", - деп айтып, Разия Үметованы артка кайтарышкан. 

Бул маектен улам КР УКМК маалыматты тактап,  Р.Уметованын уулу Кыргыз Республикасынын жараны, 1992-жылы туулган Уметов Нурлан Жолдошбекович, Манас шаарынын тургуну экенин аныктады.  

Ал мурда Ички иштер органы тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана жергиликтүү жаштар тобунун лидери болгон. Кийинчерээк Уметов Орусия Федерациясына эмгек мигранты катары кетип, ал жерде 2014–2015-жылдары "Катиба Имам аль-Бухари" эл аралык террористтик уюмунун өкүлдөрүнүн азгыруу таасирине кабылган. Андан кийин ал Түркияга барып, ал жерден Сириянын Идлиб провинциясына которулуп, аталган уюмдун мүчөлөрүнө кошулган.

Колдо болгон маалыматтарга ылайык, Үметов террористтик топтордун курамында машыгуудан өтүп, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы аскердик операцияларга катышып, ошол учурда каза болгон. Ал 2016-жылдан бери Кыргыз Республикасындагы туугандары жана тааныштары менен байланышын үзгөн. Н.Үметов чет өлкөдөгү куралдуу жаңжалга катышкандыгы үчүн эл аралык издөөгө да алынган.

Мындан улам, КР УКМК жарандарды тыюу салынган эл аралык террористтик, экстремисттик жана радикалдык уюмдардын азгыруу аракеттерине алдырбоого чакырат. Учурда радикалдык террористтик уюмдар жарандарды өз катарына тартуу үчүн алыстан иштөө ыкмаларын колдонууну улантууда, алар заманбап технологияларды жана социалдык тармактарды активдүү колдонушат. Алардын иши көбүнчө психологиялык таасирге, жалган билдирүүлөрдү колдонууга, адамдардын сезимдерин манипуляциялоого жана социалдык аялуулугуна негизделген.