Бүгүн, 12-ноябрда Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө заманбап футболдук аянтчанын ачылышы болду. Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана жергиликтүү тургундар катышты.
Бул аянтчанын курулушу айылдагы спорттун өнүгүүсүн камсыз кылуу жана балдардын ден соолугун чыңдоого багытталган. Айыл тургундары өткөн август айында Ташиевге спорттук жайдын жоктугун билдиришкен, жана тапшырма берилгенден кийин кыска убакытта курулуш бүткөрүлдү.
Мындан тышкары, Кызыл-Октябрь аймагында мектептердин жетишсиздиги маселеси да чечиле баштады. Ошондой эле Ташиев “Кекилик-Учар” тарыхый-мемориалдык комплексине барып, Куран окуп, жакында бүткөрүлгөн 12 чакырымдык жол менен таанышкан.
Айыл эли аткарылып жаткан иштер үчүн ыраазычылык билдиришти жана тургундар жашоо шарттарынын жакшырганына канааттанууда.

Булак: koom.press