Бишкек шаарында Москва-Некрасова көчөлөрүнүн кесилишинде, андан кийин Некрасов көчөсүндө Москва көчөсүнөн жогорураакта көп жылдардан бери жаныбарлар базары иштеп келе жатат. Анда негизинен ит, мышык, тоок, бөдөнө жаныбарлар сатылат. Жакындан бери Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан сатуучуларга базарды жабуу тууралуу кысым көрсөтүлүп жатат.
Эгерде жаныбарлар базарын башка жакка көчүргүлөрү келишсе, аны айтып, жаңы базар ордун көрсөтүшсө болмок. Антпей эле "бул жерге турбагыла" деп кууп жатышканы мыйзамга, эрежеге туура келбейт. Алар айткан дооматтардын бири:"Жолбун иттерди көчөгө таштап жатышат" деген доомат. Биз көп жылдан бери жаныбарларды багып, чоңойтуп сатабыз, айрым учурда сатып алып, жууп-тарап, чоңойтуп, дарылап, жакшыртып кайра сатабыз. Биз андай тукуму начар жолбун иттерди албайбыз.
Жаныбарлар базары дүйнөнүн бардык шаарларында иштейт. Башка нерсе - санитардык эрежелер так сакталышы керек. Биз ага макулбуз. Андай талаптарды коюшса, аткаруудан качпайбыз.
Кыскасы, Бишкек шаарларынын мэриясынын жетекчилигинен бизди, жаныбарлар базарынын сатуучуларын иштеп жаткан ордубуздан (жумасына 2 күн гана иштейбиз - ишемби, жекшемби күндөрү) негизсиз куушпаса, же, башка базар ачып көчүрүшсө деген негиздүү талабыбызды туура кабыл алып, тийиштүү чечим чыгараарыңыздарга ишенебиз.
Р. Исакова, В. Вечер, Ж. Атанаева, Н. Сыдыков.


