Кыргызстанда эми айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 14 ай окуш керек болот. Маалыматты Sputnik агенттигине президенттин иш башкармалыгынын маалымат кызматы тастыктады.

Билдирүүдө буга чейинки эки айлык окуулар токтой турганы айтылат.

"2026-жылдан тарта айдоочуларды окута турган жеке мектептер жабылып, мамлекеттик мектептер ачылат. Ар мезгилге карата экзамендер тапшырылат. Ал жактан дөңгөлөктү алмаштырууга чейин үйрөтүлөт", — дешти иш башкармалыктан.

Маалымат кызматы жаңы жылдын алдында кошумча маалымат берилерин белгиледи.

Булак: sputnik.kg